Акыркы кезде Бишкектин тургундары тарабынан мечиттеги азандын үнү өтө катуу чыгып жатат деген ойлорду айтышууда.
Ошондуктан шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тарабынан азандын үнүн түнкүсүн азайтуу керек деген буйрук бардык мечиттердин жетекчилерине берилди.
Андан сырткары, муфтият менен бул суроо боюнча жолугушуу болуп, түндө катуу сүйлөгүчтү колдонбоо турасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.