Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана анын орун басарлары баш болуп унааларынан караңгылатууну алып салышты.

Кечээ патрулдук милиция мыйзамсыз алдыңкы жана  капталдагы терезелердеги караңгылатууну алып салууну эскерткен болчу.

Талапка баш ийбеген кызматкерлер ИИМ тарабынан жазаланып, жумуштан чыгарылышы мүмкүн экендиги маалымат жыйында айтылган.