Бишкекте 1-августта турак-жай кооперативдер коалициясы “Мага үй керек” деген лозунг менен үйсүздөрдүн жөө жүрүшүн өткөрүүнү пландоодо.

Коалициядан билдиргендей, өлкөдөгү үй-бүлөлөрдүн жарымы баш калкалаган жайы жок ажырашууга барып жатат. Баласын каттатуучу жери жок, батирден-батирге көчүүдө.

«Санитардык нормалар сакталбаган шарттарда жашоодо. Андыктан президент менен өкмөт элдин өтүнүчүн угат деген ойдобуз. Биз жана 10 миң мүчөсү бар коалиция үйсүз жашоодон уялабыз, андыктан жөө жүрүшкө чыгууну чечтик», — деп билдирет.