Быйылкы жылдын 6 айындагы өлкө боюнча өсүмдүктөр айдалган жерлердин аянты 1192,4 миң гектар болгон.

Айдоо-себүү мурунку жылга салыштырмалуу 6, 4 миң гектарга көбүрөөк болгон. Дан эгиндери 559,5 миң гектар жерге айдалып, мурунку жылдан 2,9 %га аз болгон. Тигилген картөшкөнүн аянты 2,3 миң гектарга азайган.

Ал эми кант кызылчасы 6,3 миң гектарга, пахта 2,3 гектарга жана курүчтүн аянты 1,3 миң гектарга көбөйгөн.

Көп жылдык чабылуучу чөптүн аянты мурунку жылга салыштырмалуу 20,3 миң гектарга же 7,1% га жогору болгонун улуттук статистикалык комитети билдирген.