Окуя кечээ Ысык-Көл облусунун Тамга айылындагы аскер санаториясында болгон.

Катуу шамалдын кесепетинен кулаган бак 1988-жылы туулган келинди басып калган. Келин мүрт кетип, жанындагы 1,5-2 жаштардагы баласы тирүү калган.

Маркумдун сөөгү Жети-Өгүз районундагы өлүкканага жеткирилген.

Каза болгон келиндин жакындарына материалдык жардам көрсөтүү маселеси каралып жатканын Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү