Ош облусу Алай районунда катуу жааган жаандын кесепетинен Ош-Сары-Таш-Эркештам болжол менен 7 жеринен сел агындылары түшкөн.
Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Сопу-Коргон Терек унаа жолунун болжол менен 5 жеринен сел калдыктары түшүп жабылган. Аскалы айылына баруучу унаа жолго да сел агындылары түшүп убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.