Атайын жумушчу тобу түзүлүп Кыргызстандын SKY LAND аталышындагы дүйнөлүк брендин иштеп чыккан.
Бирок ал өкмөт тарабынан колдоого алынган эмес. Ошого байланыштуу бүгүн бул аталыш элдин сунушуна коюлду.
“SKY LAND деген сөз айкашы англис тилинен асмандуу өлкө деп которулуп, өлкөнүн ландшафтына туура келет. Кыргыз элинин фольклорунда да эл – көкө теңир эли деп айтылган. Ошондуктан бул аталыш ага төп келет”. – деп коомдук ишмер Максат Чакиев билдирген.
Коом тарабынан жактырылса Кыргызстан дегенде SKY LAND кошо айтылып калат.