Чет өлкөдө Кыргызстанды «Курдистан», «Кырзбекистан» деп атайт экен.
Мындай оюн маалымат жыйында «Trout&Partners» компаниясынын Борбор Азия жана Кавказ боюнча өнөктөшү Руслан Ашымканов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанды азыркы күндө чет өлкөдө билишпейт. Эгерде Кыргызстан бренддин түптөбөсө анда башкалар түптөйт. Бирок өлкө үчүн каршы болуп калышы мүмкүн.
«Анткени биздин бренд жок. Мисалы Корея дайым өзгөрүп турган (динамикалуу) өлкө. Кытай болсо асман алдындагы өлкө. Англия тумандуу альбион. Биздин өлкөнү чет өлкөлүк «Кырзбекистан» деп атаган. Мындай ат менен социалдык тармактарда тааныгандар көп. Бизди эч ким билбесе ар кандай атай беришет. Мындай окуялар аз болуш үчүн биз өз брендибизди түптөшүбүз керек», — дейт Ашымканов