Кыргызстан боюнча быйыл 67 миңден ашуун студент жогорку окуу жайын аяктады. Бул былтыркы жылкыга караганда 20% көп.
Бирок ошол студенттердин бардыгы эле жумуш таап иштеп кетишеби, же диплоп сандык түбүндө калабы? Жаштардын өз кесиби боюнча жумуш таба албай жаткандыгынын себеби эмнеде? Билим деңгээлинин төмөндүгүнүбү же жумуш орундарынын жетишсиздигиби?
БГУнун профессору Тилектеш Ишемкулов алакандай мекенибизде жогорку окуу жайлардын көптүгүн айтты.
«Кыргызстанда 50дөн ашык жогорку окуу жай бар. Ал жерде 200 миңден ашык студент окуйт. Союз учурунда 7 гана университет бар эле. Ал жерде сапаттуу билим беришчү. Азыр болсо эптеп-септеп аяктап алып, дипломду алсам бүттү деген улан-кыздар аргасыздан башка жумуштарда иштеп жатышат. Себеби талаптар жогору, билим болсо төмөн», — дейт ал
Жаштарды жумушка орноштуруу биржасында суроо-талап орто билимдүү кесип ээлерине басым жогору экен.
«Бизге келген жаштардын көпчүлүгү жогорку билимдүү. Алар 8-10 миң сом айлык менен мамлекеттик жумуштарда иштегиси келбейт. Анын үстүнө экономисттер, юристтер, кеңсе-менеджерлери өтө эле көп келишет. Бирок жумуш жоктугуна байланыштуу кайрадан кыска курстарды окууга аргасыз болушат. Бизде чач-тарач, тигүүчү, айдоочу, кайтаруучу, тырмак жасоочу, ашпозчу, мед айым, ширетүүчү сыяктуу кесип ээлерине оңой эле жумуш табылат. Андан сырткары маянасы да жогору», — деген маалымат беришти.
Ошол эле учурда азыр улан-кыздардын арсында кесиптик билим менен өзүн багып кетүүгө оңой экенин баамдап, лицей, колледждерге тапшыргандыр көп болуп жатканын да кошумчалады.
Айтор окуу жайдын престиждүүлүгүнө эмес, келечекти ойлоп тапшыруу керектигин көпчүлүк адистер айтат.