Статистикалык маалыматтар боюнча былтыр Кыргызстанда 102 өспүрүм суицидге барган. 2016-жылдын 4 айында 49 бала өз жанын кыйган.

Ал эми 2013-жылы бойго жете электердин арасындагы суициддин саны жол кырсыгынан кийин экинчи орунду ээлеп, акыркы он жылда Кыргызстанда өз өмүрүнө кол салуунун саны үч эсеге көбөйгөнү айтылат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсү боюнча ар бир 40 секунд сайын адамдар өз жанын кыйышат.

Белгилүү психолог Самат Аалканов Saat.kgге суициддин пайда болуу жана калыптануу жолдорун айтып берди.  Чыныгы суициддик жүрүм-турум пландалгандыктан, жери, убактысы, ишке ашыруу жолу адам тарабынан алдын-ала даярдалып, кат да жазылышы мүмкүн.

Эгерде өспүрүмдүн жашоосунда, үй-бүлөсүндө же окуусунда кыйын кырдаалдар жаралса ал тынчсызданып, кабатырланат. Андан чыгуунун жолун издейт. Ал эми чыгууга бир да жол көрүнбөй жатса, жан дүйнөсүндөгү оору ого бетер күчөп, кутулуунун бир гана жолу көрүнүп башташы мүмкүн. Башкача айтканда өзүн-өзү өлтүрүүнү ойлонот.

Өзүнө кол салуунун социалдык факторлоруна мектептеги көйгөйлөр, рэкетчилик, мугалимдердин басынтуусу, үй-бүлөдөгү жагдайлар, ММК менен компьютердик оюндардын таасири, каржы көйгөйлөрү, жалгыздык жана ата-эненин жоктугу же кайдыгерлиги кирет.

Мындай учурда жакынкы социалдык чөйрөдөгү кыйын кырдаалды оңдоп кетүү керек. Ага үй-бүлөдөгү тарбиялоо шарттары, мамилеси, ата-эне менен болгон эмоцианалдык байланыш жана үй-бүлөнүн ийгилиги көмөк берет. Кырдаалдан чыгуу үчүн психологдун же психотерапевттин жардамы абзел. Башкача айтканда маселенин анык себебин табуу керек болот.

Өспүрүмдөр арасындагы суициддин экинчи түрүнө кыр көрсөтүүчү жүрүм-турум кирет. Өспүрүм чечилиши кыйыныраак бир окуяга кабылып калып, колдоо, түшүнүү, комкордукту издейт. Өзүнө карата тийиштүү мамилени ала албай калса суициддин планын ойлонуштура башташы мүмкүн. Мындай учурда адам чын дилден атайылап өлүүнү каалабагандыктан, жөн жерден жарык дүйнө менен кош айтып кете бериши мүмкүн. Ошондуктан өспүрүмдөрдүн кыр көрсөтүүчү кыймыл –аракетин байкоого алып туруу керек жана бала эс тартып келе жатканда эле кыйын кырдаалдарга даяр болууга, өз алдынча аракет кылууга үйрөтүү керек. Маселе жаралары менен анын ордуна чечүүгө чуркап барбоо керек. Ошондон улам балада долулануу, алсыздык, аёо жана  коркутуу менен жеңсе болот турбайбы деген ойдо калып калат.

Психологиялык фактор катары өзүн кем сезүү, өзүнө ишенбестик, басырынуу, жакындарынын четке кагуусу, жалгыздык, өзүн күнөлүү сезүү жана башкалар кирет. Ден соолук көйгөйлөрү да суицидге алып барышы мүмкүн.

«Аффект абалында (кыска мөөнөттүү жан дүйнөнүн катуу толкуну) жана катуу бир психологиялык соккуда балдар өз жанын кыйышат. Мындай учурда маселе жакшылап ойлонулбай, эмоцияга алдыруу менен жана жаман ойлор менен гана коштолуп туруп алат. Жан дүйнөнүн оорусу өлүм коркунучунан да күч алып, суицидди ойготуучу сезимдер келе баштайт. Мындай абалга дени соо адамдар деле кабылышы мүмкүн» — дейт психолог.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү