Таанышынын кызын зордуктоого аракет жасаган И.Мурат 20 жыл эркинен ажыратылды.

Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлагандай, И. Мурат  2014-жылдын 8-августунда өзүнүн таанышына Кара-Балта шаарына барган.

Ал жерден спирттик ичимдигин ичип, мас абалында 10 жаштагы кыз уктап жаткан бөлмөгө кирип жыныстык катнаш жасоого аракет кылган.

Кыздын апасы Мураттын кылмыштуу аракетин токтотуу максатында аны түртүп жиберип кызын алып кеткен.

Бул факт боюнча бир нече соттук-медициналык, соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психиатриалык экспертизалар дайындалып корутундулары чыккан.

Кылмышкер эч кандай психикалык оорулар менен оорубагандыгы жана кылмыш жасаган күнү ал мас абалында болгондугу, өзүнүн кылган кыймыл-аракеттерине баа бере алгандыгы аныкталган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү