Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Кыргызгидромет маалымдагандай, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.