«Мыкты футболчу» наамына татыктуу 10 оюнчунун тизмесин УЕФА жарыялады.

Лауреат 25-августта аныкталат.

Калыстардын курамына ар кайсы улуттук уюмдардын журналисттери кирген.

Ар бир калыс  татыктуу деген 5 футболистти атады.

10-мыкты  талапкер экинчи раундга өттү. Жыйынтыгында 3 футболист тандалып, жеңүүчү аныкталат. Былтыр Лионель Месси бул сыйлыкка татыктуу болгон.

Талапкерлердин тизмеси:

  1. Гарет Бейл («Реал»  жана Уэльс курамасы)
  2. Джанлуиджи Буффон («Ювентус» жана  Италия курамасы )
  3. Антуан Гризманн («Атлетико» жана Франция курамасы)
  4. Тони Кроос («Реал» жана Германия курамасы)
  5. Лионель Месси («Барселона» жана Аргентина курамасы)
  6. Томас Мюллер («Бавария» жана Германия курамасы)
  7. Мануэль Нойер («Бавария» жана Германия курамасы)
  8. Пепе («Реал» жана Португалия курамасы)
  9. Криштиану Роналду («Реал» жана Португалия курамасы)
  10. Луис Суарес («Барселона» жана Уругвай курамасы)