Журналист акыркы беш жылда Украинада жашап, “Украинская правда” гезитинде иштеп жана радиодо “Вести” программасын алып барып жүргөн.
Бүгүн эрте менен Шеремет кетип бара жаткан унаа жарылып кетип, журналисттин көз жумганын кесиптештери билдиришкен. Анын өлүмүн бийлик да тастыктаганын Украин ММКры жазып чыгышты.
Ал эми Украинанын ИИМ өкүлдөрү унаага жарылуучу зат коюлганын тастыктап, окуяны тыкыр изилдөөгө алышарын билдиришүүдө.
Мындан улам Шереметтин тааныштары жардыруу пландалып жасалганын белгилешүүдө.
Журналисттин өлүмү тууралуу РБК сайты жазып чыкты.