Түштүк Магистраль жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинендеги курулуп жаткан имараттан эртең менен үч адам кулап кеткен.
17 жана 18 жаштардагы эки жигит мүрт кетишкен. Күбөлөрдүн айтымында 29 жаштагы куруучу терезеге илинип калгандыгы үчүн аман калып, бир катар оор жаракаттарды алып улуттук госпиталга жеткирилген.
Тез жардам кызматы окуя тууралуу билдирип, алардын 5 кабаттан кулап түшүшкөнүн белигилешкен.