Жайдын келиши менен шаар тургундары аптаптуу ысыктан качып көлмөлөргө, шаар четиндеги көлдөргө, Бишкектен чыга албаганы фонтандарга барып сергүүнү адат кылып алышкан.

Бишкек суу каналдан карамагында 17ден ашык фонтан бар.

Көп учурда айрым тургундар филармония алдындагы, Ала-Тоо аянтындагы же эмен багындагы фонтандарда чөмүлүшөт.

Жакында эле санэпидемкөзөмөл фонтандарга чөмүлүүгө тыюу салган болчу. Себеби ал жердеги суулар тазаланбайт. Алар көп убакыт тургандыктан бактериялар көп болуп, адамга зыян келтирет деп айтышкан.

Бирок ага карабай жаш балдарды филармония алдындагы, Ала-Тоо аянтындагы же эмен багындагы фонтандарда көрүүгө болот.

Балдар гигиенасы боюнча дарыгер Мария Кушубакова фонтандарга чөмүлүү бир катар оорулардын себеби болоорун Saat.kgге айтып берди.

«Ал жердеги суулар тазаланбайт ошондуктан күндүз түшкөн балдар кандай инфекция ала тургандыгы тууралуу айтпаса деле белгилүү. Мисалы кечинде иттер, селсаяктар кийими менен түшүп же түкүрүп салышы деле мүмкүн», — дейт ал.

Чөмүлүп жаткан улан-кыздардын арасында оорулуулар дагы бар экенин кошумчалады.