Мындай чечимге өлкө бийлиги Франциянын улутук чогулушунда келген. Режим келерки жылдын январь айына чейин созулат.

Премьер-министр Мануэль Вальс Франция светтик өлкөнүн символу болгондугу жана Сирия менен Ирактагы согушчулдарга каршы күрөшүп жаткандыгы үчүн террористтердин коркунучу алдында турганын билдирди.

Өзгөчө кырдаал режими өлкөгө өткөн жылдын ноябрындагы теракттан кийин киргизилген. Ислам мамлекетинин мүчөлөрү Париждин жашоочуларына кол салып 130 адам набыт болгон.

Ошондон кийин өзгөчө режим киргизилип, ал бир нече жолу узартылган. Бийлик убактысы келди деп 14-июль күнү алып салууну чечкен. Бирок режим алынары менен Ниццада теракт уюштурулуп, 84 адам каза болуп 200 адам жабыр тартты.

Ошондуктан мамлекет режимди узартууну чечкенин Slon.ru сайты RFI га таянып жазып чыкты.