Испаниялык жаш ишкерлер Gïk Live деген аталыштагы шарап менен азык-түлүк өндүрүшүнө жаңылык киргизишти.

Шараптын жемиши Испаниянын жана Франциянын жүзүм бактарынан алынат. Кызыл жана ак шарапка жүзүмдүн кабыкчасында болгон индиго жана антоциан органикалык пигменттери кошулат. Шарап европалык азык-түлүк стандартына жооп берет.

Көгүш түс шараптын даамына таасир берген эмес. Тескерисинче таттуурак болуп калганын ойлоп табуучулар белгилешет. Шараптын кубаттуулугу – 11,5%.

vokrugsveta.ru жазгандай, өзгөчөлүү шарапты Испания, Франция, Англия, Нидерланды жана Германия өлкөлөрүнүн дүкөндөрүнөн тапса болот. АКШда интернет аркылуу буйрутма берсе болот. Бир бөтөлкөсү болжолдуу түрдө 10 евро турат.