«Залкар акындар», «Эл адабияты», «Окурмандын китеп текчесине», “Айтыш” деген сериялар менен чыгууда.

Улуттук илимдер академиясы маалымадагандай, академик Абдылдажан Акматалиев айыл жерлеринде китептер жетишсиз экенине токтолгон.

“Ал тургай айрым чыгармаларды улуттук китепканадан дагы табуу кыйын. Себеби 60-70-жылдары чыккан китептер эскирип тытылышы, кээ бир барактарынын жоктугу керектөөчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келгенин эске алсак кайрадан жаңыланып, редакцияланып жарык көрүшү учурдун талабы. Орточо эсептесек жогорудагы отуз бир томдун ар бири 500 нускадан чыгарылды. Бул миңдеген керектөөчүлөрдү камсыз кылаары талашсыз”,  — деп билдирди.

Китептер президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы жана өкмөттүн токтомуна ылайык мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында чыгарылды.