Лицензияга Арстанбек Базаркулов ээ болду.

Спорт агенттиги маалымдагандай, 16-17- июлда Германиянын Берлин шаарында жеңил атлетика боюнча гранд-при өтүп, Базаркулов ядрону ыргытуу боюнча мелдешке катышкан.

Жыйынтыгында спортчу 3-орунду ээлеп, кол медаль тагынган.

Кыргызстандын атынан Риодогу параолимпиадалык оюндарына 3 спортчу барат. Алар Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев ( пауэрлифтинг), Арстанбек Базаркулов ( жеңил атлетика).

Жайкы параолимпиада оюндары 7-18 сентябрда өтөт. Жалпы мелдеш 22 спорттун түрү боюнча болуп, 528 медаль ойнотулат.

Бөлүшүү