Түркиянын билим берүү жогорку кеңеши академиктерге мамлекеттен чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Мындай маалыматты TRTга шилтеме кылып reuters билдирди.

Тыюу салуунун анык себептери айтылган эмес.

20-июлда аталган кеңеш жогорку окуу жайларынан 1577 профессорду жана доценттерди жумуштан кетирген. Ошол эле маалда билим берүү министрлиги жеке менчик окуу жайларынан 21 миң мугалимди лицензиясынан ажыраткан.

Мындай массалык иштен бошотуулар өлкөдөгү төңкөрүштөн кийин болуп жатат. 7899 полиция, 30 провинция жана 47 аймактык губернатор иштен алынган. 6038 аскер кызматкери, 755 сот жана прокурорлор, 100гө жакын полиция кызматкери жана 600дөй жаран кармалган.

Автор: Нуркыз Маматова

Бөлүшүү