Алар 2010-жылдан бери жашайт.
Ош шарынын мэриясынан билдиргендей, ар бир үй-бүлөгө жер бөлүнүп, убактылуу жашап турганга шарттар түзүлгөн.
Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабировдун айтымында лагерде жашап жаткан жарандарга бир ай мурун көчүп кетүү боюнча кат берилген.
“Бүгүн биз өкмөттүн тапшырмасы менен келип мыйзамдаштыруу багытын көздөп жарандарды көчүрүп жатабыз. Бул жарандарыбызга жер бөлүп берүү үчүн Ош шаардык мэриясынан айтайын комиссия түзүлүп, текшерип жатат. Эгерде бул жарандардын башка жакта жашай турган үйлөрү болбосо, ар бир үй-бүлөгө 5 сотиктен жер бөлүп берүү пландалууда”,- деди Ш.Сабиров.
Көчүрүлгөн 11 үй-бүлөгө, ӨКМ тарабынан Курманжан Датка-2 аймактык кеңешинен караштуу “Алай-1” массивине убактылуу жашап турууга 11 чатыр тургузулуп берилди.