Атмосфералык аба, таштандылар, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүндө да бир катар эреже бузуулар катталып, келтирилген зыяндар төлөтүлгөнүн мамлекеттик экотехникалык инспекциясы билдирди.

Балыктардын корун коргоо жаатында 31 миң сом өлчөмүндө 24 айып коюлуп, алардын ичинен 18 айып үчүн 26 миң 900 сом өндүрүлгөн.

Орто-Токой суу сактагычынан 59 даана пелядь балыгын мыйзамсыз түрдө кармаган Тоң районунун Таш-Сарай айылынын тургуну Р.Чокоевго 62 миң 880 сомго доо коюлуп, ал аны төлөп берген.

Мекеменин директору Канатбек Муратбеков экологияны коргоого багытталган коллегияда тоо жаныбарларына, суу ресурстарын үнөмсүз пайдалангандарга, өсүмдүктөргө зыян келтиргендерге жана одоно мыйзам бузгандарга катуу чара көрүүнү инспекторлорго тапшырган.

Ошондой эле директор өлкөдөгү оор маселе болгон таштанды төгүүчү жайлардын абалын башка тийиштүү тармактар менен биргеликте жогорку денгээлге көтөрүүнү буюрган.