Берик Алимбаев — балетмейстр жана Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти болгон.
Чыгармачылыкта өткөн 25 жылдын ичинде ал Чайковскийдин “Ак куулар көлүндө”, Граф Альберттин “Жизель”, К.Молдобасановдун “Куйручугунда” жана “Чолпон”, “Уйкудагы сулуу”, “Ромео жана Жульетта” сыяктуу улуттук жана классикалык балеттеринде башкы партияларды аткарган.
Эмгек жолунда педагог-хореограф жана режиссёр да болгон.
Маданият министрлиги билдиргендей, 2006-жылы ага кыргыз эл артисти наамы ыйгарылган. Берик Алимбаев ушул жылдын декабрь айында 80 жашка чыкмак.