Өкмөт постторду кайрадан иштетүүнү пландоодо. Анткени, мурун айлана-чөйрөнү булгоо жана унаага төлөнгөн каражат менен өлкө бюджетине 500 млн сом түшүп турган.

Тейлөөнү айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамалекеттик агенттиги аткарып, посттор кыргыз-казак чегиндеги көзөмөлдөп-өткөрүүчү пунктардын бардыгына коюлат.

Посттор өткөн-жылы КР ЕАЭБге киргенден кийин алынган болчу. Ага чейин каражатты бажы кызматкерлери чогултуп келишкен. Агенттиктин анализи боюнча өткөн жылдын августунан бери бюджет 80 млн сомго кемиген.

Акчабар сайты жазгандай, мурунку тарифтер боюнча мотоциклдер – 500 сом, жеңил авто унаалар – 1000 сом жана жүк ташуучу унаалар менен автобустар – 2500 сом төлөп келген.

Бөлүшүү