Жарым жылдын ичинде мамлекеттик сатуулардын веб-порталында жалпы суммасы 17 млрд 529 миң 841,3 миң сомду түзгөн 16 миң 183 сынак өткөрүлгөн.

Өлкө бюджети каржылаган мамлекеттик мекемелер 10 млрд сомдон ашык суммага 9849 сынак уюштурган.

50% мамлекеттик үлүшкө ээ мекемелер жана ачык акционердик коомдор 4 млн 926 миң сомго 1779 конкурс жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары 2 млрд 338 млн сомго 4553 конкурс өткөрүшкөн.

16 183 деп порталда белгиленген конкурстардын 12126сы ишке ашырылган (Жалпы сандын 74,9%ын түзөт). Калган 4057 тендер өткөрүлбөй калган болуп эсептелинет.

Ал эми биринчи жарым жылдыктагы бюджеттен аткарылган чыгымдардын анык суммасы 62 млдр 291 миң 447,3 сом болгонун каржы министрлигинен билдиришти.