Төрөттүн түйшүгүн аял гана тартат. Ал эми күйөөсү көп учурда алыстан жан тартып турган болот.

Saat.kgнин жамааты өнөктөштүк төрөткө жубайлар менен кошо кирип, алардын сезимдерине күбө болушту.

28

3 күндөн бери толгоо тартып, кыйналган Гүлнура Мамбетова менен жолдошу Бакытбек Талантбек уулу тун баласын күтүп жаткан кези.
IMG_2353

«Жашоодогу эң бир бактылуу көз ирмемдерде бирге болууну чечтим. Бул убакта жубайымды колдошум керек»,- деди Бакытбек.

26

Келинчегинин жан чыдагыс толгоосун карап турган Бакытбек жанын коёрго жер таппай жатты.

20

 

Төрөткананын башкы дарыгери Бурул Алмазбекованын айтымында, күйөөлөрдүн төрөткө катышканы аз кездешет.

21

Бактыбек: «Менин канымдан бала жаралып жатса кантип сыртта отура алам», — деген оюн билдирди.

29

«Жүрөгүм чыдай албай, оорусун жеңилдетейин деп белин ушалап жаттым», — дейт.

1

60 саат толготкон Гүлнура аягында чыдай албай, дарыгерлердин чечими менен операцияга жөнөтүлдү.

17

Эң башкысы кыргыздын саны дагы бир адамга көбөйүп, ымыркайдын аты Адина деп коюлду.

Адина

Бакытбек жубайына болгон сүйүүсү мурункудан да күчөгөнүн айтып берди.

«Кызым төрөлгөндөн кийинки сезимдерди айтып жеткире албайм. Көзүмөн жаш да чыгып кетти. Эң башкысы бактылуу болгонумду сездим», — деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү