Бул жаш жеткинчектин  акча жыйноочу кутучадагы чогулткан акчалары болгон.

Окуя тууралуу өзүнүн фейсбуктагы баракчасына  Help the Children-SKD кайрымдуулук фондунун жетекчиси Елена Перевозникова жазып чыкты.

«Так  эс алуу өргүүсүнүн  алдында  биздин кеңседе өзгөчө демөөрчү келди. Ал өзүнүн акча салган кутучасын оорулуу балдарга берип. Бул акчалар аларга керектүүрөк»,- деди.

Кутучада 1154 сом жана 5 араб дирхамы болгон.

Перевозникованын айтымында, ата-энеси бул жеткинчектин аты-жөнүн атабай коюшкан.

«Биз жөнүндө эч нерсе жазуунун кереги жок. Балам ушундай деп чечти»,- деген ата-энеси.

«Мен ал баланы сүрөткө тартып калууга араң жетиштим»,- дейт Help the Children-SKD уюмунун аткаруучу мүдүрү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү