«Азия MIX» командасынын резиденти Ситора Фармонова социалдык тармактарда  аны колдоо максатында кыргыз коомчулугунда уюштурулуп жаткан флешмобго жооп берди.

Флешмобдун баштоочулары Ситорага кыргыз жарандыгын берүүнү сунуштаган.

«Мени колдоп жаткаңар үчүн рахмат. Бул мен үчүн абдан маанилүү. Менин оюмча жарандык менен шашпаш керек. Болгону 19-июлда менин лицензиямдын мөөнөтү бүткөн. Арыз жөнөттүк. Кайрадан беришет деген үмүттөмүн», — деди.

Буга чейин «Узбекнаво» ырчы жана актрисаны лицензиядан ажыраткан.

Бөлүшүү