Бул режимди Режеп Тайип Эрдоган өлкөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу киргизди.

РИА новости жазгандай, президент жарандардын укуктарын жана азаттыгын камсыздоого ыкчам жана натыйжалуу аракеттерди көрүү үчүн өзгөчө кырдаал режим киргизилгенин билдирген.

Аскерий козголоңчулардын төңкөрүшүнөн кийин 190 жаран каза таап, 100дөн ашуун козголоңчу өлтүрүрүлүп, 1,5 миң киши жарадар болгон. Анын натыйжасында бийлик аскер жана полиция кызматкерлерин, мамлекеттик жана илимий кызматкерлерди, агартуучуларды иштен алганы маалым болууда.