Коюлган бомба тууралуу милицияга бейтааныш киши уюлдук телефондон чалып айткан.
Бул тууралуу Бишкек ШИИБ saat.kgге билдирди.
Маалыматка ылайык, 10:15де шаардык милиция бөлүмүнүн күзөт кызматына билдирүү түшкөн.
Жогорку соттун имараты курчоого алынып, башкы штабдын саперлору чакырылды.
Учурда тактоо иштери жүрүүдө.