Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун коллегиясында Кыргызстандын мамлекеттик ишканалардын абалы жөнүндө айтылган.

Фонддун жетечкиси Ильяз Ташбаев, 197 мамлекеттик мекеменин ичинен 51 кирешелүү экенин жана 146 ишкананын иши жүрүшпөй, артка кетүү алдында турганын билдирген.

Ал белгилегендей, мамлекеттик ишканалардын 75% чыгашалуу болуп эсептелинет. Жемиштүү делген 16 ишкананын кирешеси 1 млн сомдон жана 18ки 100 миң сомдон ашат. Ал эми 17 ишкананыкы 100 миң сомдон кем.

Аталган компаниялардын 2015-жылдагы накталай кирешеси – 859 млн 811,9 миң сомду түзгөн.

Бөлүшүү