Медициналык академиянын айрым кызматкерлери Индира Кудайбергенованын ректор болуп дайындалганына нааразы болушууда.

Травматология жана ортопедия кафедрасынын башчысы Эмиль Айтназаров маалымат жыйында кабарлагандай, жаңы ректордун адамдык сапаттары жана ишмердүүлүгү боюнча ээлеген кызматына татыктуу эмес.

Анын айтымында, 2000-жылга чейин биринчи проректор болуп иштеген Кудайбергенова окуу жайдын жатаканасын жана эки кабатту ашканасын өзүнө каратып алган. Азыр ал жерде «Народный» дүкөнү, кинотеатр жана сулуулук салону жайгашкан.

«2,5 ай окуган пакистандык жаранга диплом сатууга катыштыгы бар» деп айыпташты.

«Ал өзүнүн айлыгына мыйзамсыз 25% кошуп алган. Анын Бакиевдер үй-бүлөсү менен байланышы бар экенин белгилүү. Алардын колдоосу менен 2008-жылы ал ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган»,- дейт Эмиль Айтназаров.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү