Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жер шаарын айланып чыгууну пландаган Союзбек Салиевди кабыл алды.
Өкмөттөн маалымдагандай, Союзбек Салиев Кыргызстандын 25 жылдык эгемендигине карата учат. Ал бир моторлуу Mooney Ovation 2 учагында ишке ашырат.
Августтун башында Бишкектен учуп кетет. Жалпысынан 47,6 миң км узундуктуктагы 26 өлкөнүн аймагынан өтүү пландалды.
Арабия чөлүнөн, Ариканн саваннасына, Бразилия джунглилерине, Амазонка суусуна жана башка жерлерди айлануу болот деп айтылат билдирүүдө.
Сооронбай Жээнбеков Салиевдин демилгесин колдоп, чыныгы патриоттун жоругу катары баамдады. Ошондой эле желектерди тапшырып ийгилик каалады.