Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн иш сапары менен Талас облусуна барып, К.Медетбеков атындагы облустук драма театрынын жана Миң-Булак айылындагы мектептин курулуштары менен таанышты.

Архитектура, курулуш жана турак-жай мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов курулуш башталган тарта драмтеатрга кеткен каражаттын суммасы 113 млн сомду түзгөнүн билдирди.

“Учурда курулуш иштеринин 75% бүттү. Ишти аягына чыгарууга кошумча 65 млн сом керектелет”, — деди директор.

Премьер-министр Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында салынып жаткан мектептин курулушу менен таанышты. Орто билим берүү мекемеси 375 орунга ылайыкталып, 2018-жылы ишке берилет.

Бөлүшүү