Башка өлкөлөрдө бала төрөлгөндө мамлекет жөлөк пул төлөп бергенге жардамдашса, Кыргызстанда андай мүмкүнчүлүктөр каралган эмес. Бардык түйшүк жалгыз ата-эненин мойнунда болот.

 

Бала улам чоңойгон сайын чыгымдары көбөйө берет. Бала бакчага барат, андан кийин мектепке кирет, “жейм-ичем”, “сатып бер” деген буйруктары арбын болот. Жогорку окуу жайына өткөрүү ата-эненин мойнунда.

Балага корогон чыгымдарды эске алып, баланын ымыркай кезинен акча чогултуп келечегин пландаштыруу өнүккөн Европа өлкөлөрүндө адатка айланган. Ал жөн гана жаздыктын астына катуу менен эмес, келишимдин негизинде банктарга сактоо жолу менен ишке ашырылат.

Мисалы, Германияда ата-эне бала төрөлөрү менен эсеп ачып 150 евродон салып баштайт. Ал 18 жылдан кийин 50 миң евро болот. Ал эми изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Латвиялык ата-энелердин 22%нын эсеп ачканы, 52%нын ачууга ниети бар экени белгилүү болгон.

Кийин ошол чогулган бир нече жылдык акча менен бала чоңоюп окууга өтүп же башка керегине жаратышы мүмкүн.

Европа тарапта “чөнтөк акчасы” (карманные деньги) деген түшүнүк бар. Белгилүү болгондой ата-энелер күн сайын бакчага же мектепке чыгарда балдарына тамак-аш, керектүү буюм же оюнчук сатып алуу үчүн акча берип турушат.

Ал тургай ар бир өлкөдөгү ата-энелер ар башкача ыкма менен беришет. Немистер берген акчасынын 20%ын салык катары кайра алып коюшат. Француздар балдары туура эмес иш кылган болсо акча бербей жазалашат. Америкалыктар насыяга акча беришет да, кайра үй жыйнатуу сыяктуу иштерди кылдырып төлөтүп алышат. Бул ыкмалар менен алар балдарын жашоого, акчага мамиле кылууга тарбиялашат.

 

Атайын эсеп ачып акча чогултуу мамлекет камсыздай албаган өлкөлөрдүн жарандарына керектүү ыкма болгондуктан, мындай жол менен балдарынын келечегине кам көргөн ата-энелердин көбөйгөнүн банк кызматкерлери тастыкташат.

Кыргызстандын балдар депозити бөлүмү бар банктарында эсеп ачтыруудагы баштапкы төгүм 1000 сомдон жогору. Жылына жараша үстүнө кошулуучу пайыздык чендер каралган. Эсепти сом, доллар жана евро валюталары менен ачтырса болот. 1-14 жылга чейин каражат сактаса болот.

Жөнөкөйлөтүп айтканда эгер кайсы бир ата-эне эсеп ачууну кааласа банктарга барып маалымат алып шарты туура келгенин тандап алат. Жылын аныктап, валютасын тандап келишим түзөт дагы, баштапкы төгүмдү төлөйт. Пайыздар эсептин мөөнөтү бүткөндө төлөнүп берилет жана каражатты мөөнөтүнөн эрте алууда пайыздар төлөнбөйт. Мында кошумча каражат гана кошулуп турбастан башка максатта короп кетпешине да кепилдик болот.

Баланын келечегине кам көрүп жаткан ата-энелердин катарын мамлекеттик кызматта эмгектенген Асел Жапарова толуктайт. Ал кызы 10 жашка толгондо эсеп ачтырып каражат которо баштаган. Макулдашуу жолу менен маянасынан айына 2000 сом банктагы эсебине түз түшө тургандай кылып шарт түзүп алган.

“Билинбей акча чогула берет экен. Ошондо кызым 18ге чыкканда болжол менен 192 миң сом чогулган болот экен. Эгерде шартым туура келсе мындан да көбүрөөк акча которуп баштайт элем” – дейт балдар депозитинин колдонуучусу.