Иван Ракитичтин агенти Микель Сорс өзүнүн твиттердеги баракчасында: «Менин оюмча, кете турчу убакыт келди», — деген.

Испаниянын ММКлары жазгандай, Португалия курамасынын жарым коргоочусу Валенсии Андре Гомеш 55 млн евро үчүн жакын арада Барселонанын оюнчусу болуп калышы мүмкүн.

Позиция боюнча, Гомеш 29-жаштагы Ракитичтин түздөн-түз атаандашы болуп саналат. 2015/16 сезонунда Ракитич Барсанын бардык турнирлеринде 57 матч өткөзүп, 9 гол киргизген.

Автор: Нуркыз Маматова