Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев Боом капчыгайында жайгашкан ашканалардын ээлерин кабыл алды.

Анын айтымында, бул жылы биздин райондо чоң иш-чаралар өткөндүктөн, тейлөөнүн жогорку деңгээлин көрсөтүү керек.

«Кыргызда эшигин көрүп төрүнө өт» деген макал бар. Эс алуучулар алгач эле коомдук тамактананууучу жайларга жана дааратканаларга көңүл бөлүшөт. Дүйнөлүк стандарттарга ылайык таза ажаатканалар  жакшы көрүнүш. Менин оюмча силер бул маселени чече аласыңар”,- деди А.Акибаев.

Ал эми тамактануучу жайлардын ээлери бир айдын ичинде бул тапшырманы аткарууга убада беришти.