Быйыл май айынан тартып никеге тургандыгы тууралуу күбөлүктү салтанаттуу көчмө тапшырууга карата мобилдүү топтор борборуна ыйгарым укуктар берилген.

22

Бул кызмат көрсөтүү никеге тургандыгын каттоо боюнча сунушталган көчмө акы төлөнүүчү кызматтардын саны боюнча ачык эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Кызмат көрсөтүү убактылуу  республиканын эки ири шаарында пилоттук долбоордун алкактарында көрсөтүлүүдө, мындан ары аны республиканын бардык аймактарында иштетүү пландаштырылууда. Учурда Бишкек жана Ош шаарында иштейт.

Баасы 5423 сомду түзөт, акы төлөө банктын кассасы аркылуу гана өткөрүлөт. Салтанаттуу никеге тургандыгы тууралуу күбөлүктү тапшырууга карата билдирме никеге туруу тууралуу арыз берип жаткан учурда ЖААКтын каалагандай бөлүмүндө берилет. Кененирээк маалыматты 119 номери боюнча алууга болот.