Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругу менен Ош шаарынын Амир-Тимур, Туран кичи райондорун жана Кеңеш айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн текшерүү иштери жүргөн.

Мэриядан билдиргендей, Оштун вице-мэри Асылбек Топчубаев жана «Ошгорводоканал» ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын аягында вице-мэр Асылбек Топчубаев тез аранын ичинде ичүүчү суу менен камсыз кылуу тапшырмасын берди.

5d8ee287-1451-498a-973b-da2240731369