Ош шаарынын окуучулары Орусиянын Ленинград облусунда өтүп жаткан “Коопсуз мектеп” деп аталган жаш куткаруучулардын эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан катышууда.

Шаардык мэриядан билдиргендей, тогуз күнгө созулган бул мелдешке Кыргызстан, Орусия, Болгария, Сербия, Польша, Казакстан, Белоруссия, Азербайжан өңдүү мамлекеттердин окуучулары келишкен.

Мелдештин катышуучулары тогуз күндүк программанын ичинде өзгөчө кырдаалга байланышкан ар кандай мелдештердин түрү боюнча күч сынашмакчы. Андан сырткары ар бир команда өз өлкөсү менен командасын тааныткан визиттик карт, фотокөргөзмө, дубал гезиттерди уюштуруп, видео ролик коюшмакчы.

Эл аралык мелдештин жүрүшүндө дүйнөнүн ондон ашуун өлкөсүнөн келген жаш өспүрүмдөргө Ленинград облусунун кооз жерлери менен Санкт-Петербург шаарынын тарыхый жана маданий жайларына саякат уюштуруу пландалган.