Ош шаарында жаратылыш ресурстарын туура колдонуу жана айлана-чөйрөнү сактоо боюнча талкууларды өтүүдө.

Токтогул, Аксы жана Кадамжай районунун тургундары, жергиликтүү кеңештин депутттары, райондук, мамлекеттик башкарма жана коомдук бирикмелер менен бирге орчундуу экологиялык көйгөйлөрдү талкулашты.

Маселенин чечүү жолу катары тургундарды  иш жүзүнө тартуу жолу сунушталды.

«Бул жаратылыш ресурстарын туура эмес колдонууну азайтат жана ар кандай талаштардын алдын алат»,- дейт Дмитрий Прудцких ОБСЕнин экология суроолору боюнча адиси.

Иш-чара ОБСЕ борборунун экологиялык коопсууздук жана жаратылыш кырсыктарын азайтуу долбоорунун алкагында жүрүүдө.