Министрлик Түркиянын тышкы иштер министри Мевлуд Чавушоглунун КРги түрк окуу жайларын жабуу жөнүндөгү кайрылуусун туура эмес деп эсептейт.

“Албетте, Кыргызстанга Түркия боордош, түпкү теги боюнча да жакын өлкө. Бирок, биздин өлкө көз карандысыз, суверендүү мамлекет болгондуктан, иштин туура же туура эмес экендигин өзү таразалоого жөндөмдүү жана кайсы бир өлкөнүн буйругун дароо аткаруусу бүдөмүк», — деп айтылат ТИМдин жообунда.

Азыр Кыргызстан түрк окуу жайларын тыкыр изилдөөгө алууда жана керек учурда тийиштүү чараларды өз ыгы менен колдонууга даяр. Андан сырткары, укук нормалары, тараптардын жоопкерчилиги бар.

«Бирок, биз муну менен өлкөнүн ички жана өзүнө гана тиешелүү иштери жөнүндө сөз кылуудабыз” — деп аяктайт.

Буга чейин Түркиянын ТИМ министри Мевлуд Чавушоглу КРги гүлен уюмуна тиешелүү окуу жайларын жабууга чакырган жана чара көрбөй турган болсо, мамилелер да өзгөрө турганын эскерткен.