Казак жараны сүзүп кеткен кыргыз аял арыз жазуудан баш тартты.

Буга чейин Кара-Ой айылындагы Алтын-Жай пансионатында (мурунку РОХАТ) суу унаасын айдаган эс алуучу элди аралап кетти, жабыркагандар бар деген маалымат айтылган.

Скутер айдаган Алматы шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Х.Рустам мас абалында болгон.

Жабыр тарткан Марипат Ташполотова 1951-жылкы Ош шарынын Ноокат районунун тургуну, ал эс алууга үй-бүлөсү менен келген.

Окуя болгон жердеги аталган суу унаасын иштеткен Айбек Бактыбековдун  окуянын чоо-жайын saat.kgге  айтып берди.

«Казак жараны туруктуу кардарыбыз болчу. Жакшы таанып калганбыз. Бул жолу да көз айнек тагынып алганынан мастыгы байкалган деле эмес. Жакшы эле айдап жатып, эл түшүүчү аймакка кирип кеткен. Негизи биз инструктаж өтөбүз. Бул биринчи жана акыркы жолу болуп жаткан көрүнүш деп ишенем”,- дейт.

Жабырлануучуга дароо эле Чолпон-Ата шаардык ооруканасынан жардам көрсөтүлгөн жана азыр абалы жакшы.

Айбек Бактыбековдун айтымында Х. Рустам дарылануудагы бардык чыгымды өз мойнуна көтөргөн. Ошондуктан жабырлануучу арыз жазуудан баш тартты.

Х. Рустам доо арыз жок болгондуктан бошотулду. Ал эми жабырлануучу Ноокатка чыгып кетти.