Эки кыз Ак үйдүн жанынан өтүп баратып, белгисиз себептерден улам тосмого чыгууну чечишкен.
Бишкек ШИИБ билдиргендей, окуя 21-июль күнү саат 9:00 чамасында болгон.
Маалыматка ылайык, Ак үйдүн коргоо кызматкерлери 25 жаштагы жаранды кармап, милициянын колуна тапшырышкан.
Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ал кыз үйүнө коё берилди.