Буга чейин көйгөйлүү маселе болуп келсе, эми алар үчүн бардык шарттар түзүлдү. Ал жерде иттер ээн-эркин чуркап, каалашынча жүрө алышат.

1250 чарчы метр жерге ажааткана, жаныбарларды жуундуруучу жайлар жана суу ичүү үчүн фонтандар орнотулган. Аталган аймак ээсинин коштоосунда жүргөн 100 итке ылайыкталган.

Барселонанын көпчүлүк көл жээктерине ит менен жүрүүгө тыюу салынган. Эрежени бузгандарга айып салынат. Көл жээк 25-сентябрга чейин иштеп, пилоттук долбоор катары сыналат.