Митинг бүгүн Бишкектеги М. Горький атындагы скверде уюштурулду.
Маалыматка ылайык, митинг «Мага үй керек» лозунгу менен өттү.
Уюштуруучу Нурлан Асанов үй куруу кооперативинин негиздөөчүсү болгондугу айтылууда.
Алар жеткиликтүүү үй берүүнү талап кылган.
Бишкек ШИИБи Нурлан Асановду жана онго жакын уюштуруучуларды иштин чоо-жайын тактоо үчүн кармап кетишкен.