Абу-Дабиде Solar Impulse-2 учагы 40 миң км ашык аралыкты басып өтүп, аны пилот Бертран Пикар башкарды.
Дүйнөгө болгон саякат өткөн жылдын 9-мартында башталган. Учак 17-июлда кайтып келиши керек болчу. Бирок, экипаж Жапониядан Гавай аралдарына өткөн учурда бузулууга учурап, саякатын эртерээк бүтүрүүгө мажбур болгон.
Solar Impulse-2 учагынын кубату күчөтүлгөндүктөн күн батареясы менен АКШнын бир жээгинен экинчи жээгине чейин 26 саатта уча алган. Анын канаттарынын күүсү 72 метр, ал эми салмагы 2,3 тоннаны түзөт.
The 72m wingspan airplane is slowly entering the ⛺️ tent one last time, as the sun slowly appears in the background pic.twitter.com/jRLSXPe7nj
— Solar Impulse Foundation (@solarimpulse) July 26, 2016