Манхэттендин борборунда жайгашкан мейманкана W Hotel деп аталат.
Боз үйдө түнөө баасы кадимки элита бөлмөлөрүнөн кымбат.
Дизайнерлердин айтымында, боз үй мейманкананын 17-кабатындагы террасада жайгашкан. Атайын эс алууга ылайыкталган жаздыкчалар, шамдар, асма шамдар жана жасалма чөптөр менен курчалган. Бул маалымат мейманкананын сайтында жазылган.
Долбоордун авторлору белгилегендей, боз үй тууралуу ой аларга Калифорниядагы Коачелла музыкалык фестивалында жүргөндө келген.
https://www.instagram.com/p/BHzejTjgleM/?taken-by=wnewyorkhotel