Орусиянын президенти Владимир Путин, Рио-де-Жанейродо боло турган Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине барбайт.

Бул тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Песков Путиндин чечимин жумуш графиги менен байланыштырды.

Ошондой эле Кремль орусиялык спорт чиновниктерин, анын ичинде спорт министри Виталий Муткону Бразилиядагы оюндарга каттоодон баш тарткан эл аралык Олимпиадалык комиттетин чечимине “өкүнгөнүн” кошумчалады.

Олимп оюндар 5-21-август аралыгында өтөт.

Автор: Нуркыз Маматова

Бөлүшүү